Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту дарылоо боюнча жаңы протоколдо дарынын түрү көбөйтүлдү

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 531 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-вариантына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Колдонмо 3-варианттагы кемчиликтерди эске алуу менен иштелип чыкты.

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургул Ибраеванын айтымында, пневмониянын коду бекилди (U07.2.) Андан сырткары, стационардык жана амбулатордук дарылоо өзүнчө бөлүндү.

Ошондой эле, төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:

1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
2. Балдарды дарылоо;
3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;
4. Амбулатордук дарылоо боюнча;
5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы.

Мындан тышкары, декстаметазон сыяктуу дарылар консилиумдун чечими менен гана колдонулсун деп чечилди. Коронавирусту дарылоо боюнча мурдагы протоколдо 56 дары-дармек болсо, жаңы протоколдо анын тизмеси 80ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM