Биз менен байланышыңыз

Тиричилик техникаларын өндүргөн ишкана экспортко чыгууну көздөөдө

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 455 | 0

Оштун Кара-Суу районундагы Анжиян айылында кыргыз-өзбек биргелешкен «Артель электроникс» ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго бүгүн, 10-сентябрда аталган ишканага жасаган сапары учурунда маалымдалды.

Ишкананы ачуу келишимине Жээнбековдун 2017-жылы декабрда Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлган. Мекеменин коммерциялык директору Орозбай Атажановдун айтымында, 2018-жылдан бери тиричилик техникасын өндүрүү, анын ичинде кир жуучу машинаны чогултуу менен алек болгон ишканада жүздөн ашык адам иштеп жатат.

Ишкана айына 900дөй кир жуучу машина өндүрөт, ар айдагы сатуу көлөмү 3 млн сомду түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган.

2022-жылы газ плиталарын, 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрү Ош облусунда иш сапары менен жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM