Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз ташыган кылмыштуу схема аныкталды

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 1196 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандын аймагына автоунааларды мыйзамсыз ташып кирип турган эл аралык кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу менен аларды каттап турган.

Бул иш боюнча 113 материал табылып Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Автоунааларды мыйзамсыз ташып келүүдөн мамлекеттик бюджетке 258 млн. 544 миң сом зыян келтирилген.

Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөрдөн унаа сатып алып, алардын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөсүнө интернет аркылуу жөнөтүшкөн. Алар ЕАЭБ мамлекеттеринин транспорттук каражаттарын каттоо жөнүндө жасалма күбөлүктү жана башка документтерди даярдашкан.

Андан кийин документтер Кыргызстанга жөнөтүлүп, анын негизинде транспорттук каражаттарды өлкө аймагына иш жүзүндө өткөрбөстөн, мамлекеттик каттоо органдын айрым кызматтык адамдарынын катышуусу менен номерлүү белгиси жана каттоо жөнүндө күбөлүгү алынган.

Ал андан ары үчүнчү өлкөлөрдө турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Алар жасалма документтери менен транспорттук каражаттарды ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүп турган.

Бул фактылар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM