Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча акыркы суткага алынган маалыматтар

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 696 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Талас облусунда 1 бейтап каза болду. Муну менен аталган вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1063кө жетти.

9-сентябрга карата COVID-19 вирусунун жаңы 87 учуру катталды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 613кө жетти.

Ушул күндөрү стационарларда 535 бейтап дарыланып жатат, амбулатордук дарыланууда 2373 бейтап бар.

Акыркы бир сутка ичинде илдеттен 178 жаран сакайды. Коронавирус менен катталып, андан айыккандардын саны 40 миң 336ны түзүүдө.

Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Жалал-Абад облусунда 1 медициналык кызматкер катталды. Ал эми ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининдеги 12 медкызматкер сакайды.

COVID-19 вирусу 3159 медициналык кызматкерге жуккан, анын ичинен 2616 медкызматкер айыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM