Биз менен байланышыңыз

Фучик атындагы сейил бак толугу менен шаар менчигине кайтарылды

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 387 | 0

Бишкек шаардык сотунун чечими менен Ю.Фучик атындагы сейил багы шаар менчигине кайтарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

1992-жылы шаардык мамлекеттик администрациянын токтому менен Ю.Фучик атындагы сейил бакта жайгашкан 7,41 га аянттагы жер тилкеси шаардык парктар жана эс алуу жайлары бирикмесине бекитилип, колдонуу укугу үчүн акт берилген.

1995-жылы өкмөттүн токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилген.

Бирок парктагы 13 миң 337 чарчы метр жер — курулуп бүтпөй калган кинотеатрдын аймагы —  жеке менчикке өткөрүлгөн факты аныкталган.

«Мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгы Ленин райондук сотуна заводду жоюучу М.П. жана шаар тургуну С.Э. арасындагы сатып алуу-сатуу келишимин жокко чыгаруу боюнча доо арызы менен кайрылган. Сот биздин арызды толугу менен канааттандырды», — деп билдиришти мэриядан.

1999-жылы шаар тургуну С.Э. жер тилкесин А.А. аттуу адамга саткан, ал соттун кароосуна чейин эле жер тилкесин 9 бөлүккө бөлүп, сатып жиберген. Муниципалдык мүлк башкармалыгы сотко бул келишимдерди жараксыз деп таап, паркты муниципалдык менчикке кайтарып берүү доо арызын калтырган.

Бул доо арыз райондук сот тарабынан канааттандырылды, бирок айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришкен.

«Шаардык сот биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды. Эми соттун аныктамасын алгандан кийин жер тилкелерди Бишкек шаарынын мэриясына каттоо иштери башталат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM