Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Бүтүн Кыргызстандын» БШКга каршы арызын кароо уланат

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 9 Сен 2020 | 572 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы берген арызын карайт. Өткөнкү отурумда БШКнын өкүлдөрү партия талап кылган көрсөтмөлөрдү бере албагандыктан отурум жылдырылган.

Партия лидери Адахан Мадумаров ишти кароону создуктурууну — убакыттан уттуруу катары баалаган. Ал күнү соттун имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулуп, соттон акыйкат чечим чыгарышын талап кылышкан.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM