Биз менен байланышыңыз

12 миңден ашуун окуу китеби басып чыгарылды

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 332 | 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаңы китеп” мекемеси жыл башынан бери окуу китептерин басып чыгарууга каражат тартуу боюнча иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө Катардын кайрымдуулук фондсуунун каржылык колдоосу менен 5-6-класстын окуучулары үчүн “Көркөм өнөр”, “Технология” дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилинде 12 миң  380 даана китеп басып чыгарылды.

Бишкек шаарындагы мектептерге 2335 китеп берилди. Анын 1300ү кыргыз тилинде, 1235и орус тилиндеги окуу куралдары.

Чүй облусуна 8800 даана китеп бөлүндү (3715 экземпляр — кыргыз тилинде жана 5085и – орус тилинде). Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлдү.

“Жаңы китеп” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Төлөгөн Аматовдун айтымында, окуу китептер жакынкы 5 жылга ижарага берилет. Ижарадан топтолгон каражатка жаңы окуу китептери басылып чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM