Кыргызстанда коронавирустан каза болгон 18 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.
Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын комиссия иштеп жатат.
Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медициналык кызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
-Ош облусунан -113 документ;
—Талас облусунан – 33;
—Чүй облусунан – 337;
—Баткен облусунан – 25;
—Нарын облусунан – 35;
—Ысык-Көл облусунан – 48;
—Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) 14 документ келип түшкөн.
Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жатат.