Биз менен байланышыңыз

Кафе, ресторандарда куран окутуп, той өткөргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 760 | 0

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Өкмөт башчы адистердин божомолуна таянып, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн экенин айтты.

«Эл ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында массалык түрдө ооруп калышы ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарга элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Ал тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды. Аймактардагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча штабдын жыйынында күнүгө маалымат берип туруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM