Биз менен байланышыңыз

Депутаттар 2-октябрга чейин шайлоочулар менен жолугушат

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 672 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алпарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков 2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну сунуштады. Ал азыркы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого кайра катышкандыктан жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушуу туура болорун айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген, үгүт иштери эртең, 4-сентябрда башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM