Биз менен байланышыңыз

Чүй: Ак-Башат айыл өкмөтү санариптештирилип жатат (сүрөт)

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 395 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн санариптештирүү аракети менен таанышты.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана кызматкерлерди каттоо боюнча «E-kyzmat» автоматташтырылган системасы киргизилгенин кабарлады.

Учурда бул аянтчалардын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамы жана жашоо деңгээли каттоого алынып, электрондук китеп ачылган. Азыр 852 үй-бүлөнүн маалыматтары ал системага киргизилген.

Ак-Башат айыл өкмөтүндө жарандардан арыздарды кабыл алуу жана талап кылынган документтерди тапшыруу «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле, ушул принцип менен социалдык, салык жана жер маселелери боюнча адистердин кызматтары көрсөтүлөт.

Учурда 300дөн ашуун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү санарип аянтчаларын колдонуу боюнча дистанттык окутуудан өтүшкөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң аймактарга барып окутуу улантылат.

«Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизги милдети — мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу аркылуу айылдык аймактардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Системаны 2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн 453 айыл өкмөтү ишке киргизиши керек.

2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM