Биз менен байланышыңыз

Быйыл 1-класска 156 миңден ашуун окуучу барды

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 317 | 0

Кыргызстанда 1-сентябрда 156 430 окуучу мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылынын башталышы менен 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат. Калган класстар үчүн министрлик дистанттык түрдө билим берүүнү уюштурат.

Телесабактар КТРКнын «Баластан» жана ЭлТРдин «Илим жана билим» каналдарынан бериле баштады. Эфирге чыккан соң, сабактар министрликтин  https://oku.edu.gov.kg/ky/ порталына жайгаштырылат.

Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 1-класстын окуучуларын салттуу режимде окутууда атайын алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык, эгер класста окуучулар көп болсо, алар эки топко бөлүнүп окушат. Класста окуучулар шахматтык тартипте жайгаштырылат. Мектептер тиешелүү бардык санитардык эрежелерди сактоого милдеттендирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM