Биз менен байланышыңыз

Саясий партиялар президентке кайрылуу жасашты

Кыска кабар , Саясат | 27 Авг 2020 | 831 | 0

Парламенттик шайлоого аттанган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Чоң казат» партиялары Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Алардын жөнөткөн кайрылуусунда бүгүн боло турган «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катталуусу боюнча сотто адилеттүү чечим чыгаруусун көзөмөлгө алууну суранган.

Партиялар Жээнбековдун «шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө шарт түзүлдү» деген сөзүн мисалга келтирип, сөзүнүн өтөөсүнөн чыгууну суранышты.

— Сизден шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк жана шарт түзүп, камсыздап берүүнү суранабыз. Ошондой эле 27-август саат 14:00дө Бишкек шаардык административдик сотунда карала турчу «Кыргызстан» партиясынын маселеси жөнүндө сизге кабарлайбыз. Биз, Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар, сотко басым болушу мүмкүн деген таризде тынчсыздануубузду билдирип, сизге төмөнкүдөй сураныч менен кайрылабыз:

  1. Соттук процессти коомдук көзөмөлгө алууну камсыздоо;
  2. «Кыргызстан» партиясын шайлоого каттоо боюнча соттук чечим кабыл алууда сотторго басым кылууга жол берөө;

Борбордук шайлоо комиссиясынын партия боюнча чыгарган чечими мыйзамдуу жана адилеттүү болду деп эсептейбиз. Биз «Кыргызстан» партиясы мыйзамга баш ийип, өз ыктыяры менен шайлоого катышуудан баш тартат деп ишенебиз, — деп жазылат кайрылууда.

Партиялар ошондой эле болуп жаткан добуш сатып алууларды, административдик ресурстарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү Коопсуздук кеңешинин жыйынында карап, шайлоонун таза өтүүсү үчүн болгон чараларды көрүүнү суранган.

Мисал катары жарандардын «биздин добушту сатып алууга «Мекеним Кыргызстан» партиясы байкоочу, үгүттөөчү кызматкерлери аркылуу аракет кылууда» деген кайрылууларын келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM