Биз менен байланышыңыз

Жефф Безос 2026-жылы дүйнөдөгү алгачкы триллионер болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 492 | 0
Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос дагы бир жаңы рекорд орнотту. Тагыраак айтканда, анын байлыгы 200 млрд доллардан ашты. Ал мындай көрсөткүчкө жеткен алгачкы адам болду.
Мындай рекорд 25-августтагы биржалык соодалашуу учурунда коюлду. Бирок кечке жуук биржа жабылган убакта анын байлыгы 199,7 миллиард долларга кайра түштү. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Amazon акцияларынын баасы 55 пайызга кымбаттады. Ал эми компания ээси Безостун байлыгы бир жыл ичинде 86 млрд долларга көбөйүп, жалпы 200 млрд долларга чукулдады.
Эксперттердин пикиринде, Жефф Безос 2026-жылга барып дүйнөдөгү алгачкы триллионер болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM