Биз менен байланышыңыз

Университеттерде жана колледждерде окуу онлайн форматта башталат

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 561 | 0

Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларда жаңы окуу жылы аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн форматта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда (менчигинин түрүнө карабай) аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу жылы онлайн режимде башталышы тууралуу чечим кабыл алынды.

Окуу процесси автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат.

Азыркы учурда ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо уюштурулду.

Министрлик алдында түзүлгөн Консультативдик кеңеш тарабынан адам ресурстарын, билим берүү чөйрөсүн, санариптик инфраструктураны, методикалык базаны жана онлайн форматтагы окуу процессин баалоо ыкмалары боюнча системалык сунуштамалар иштелип чыкты.

Министрлик 17-августтан тарта онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана колледждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM