Биз менен байланышыңыз

Жолдошев: Кыргызстан жаңылануунун башатында турат

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 503 | 0

Пандемиянын сыноосу өкмөттүн жана мамлекеттик түзүлүштүн канчалык алсыз экенин ачык көрсөттү. Бирок өлкө жаңылануунун башатында турат. Бул тууралуу «Бир Бол» партиясынын мүчөсү, юрист Жоомарт Жолдошев партиянын съездинде сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын ою боюнча, пандемия өлкө экономикасына түздөн-түз таасир этип, карапайым элдин капчыгын да курутту. Бирок мындан ары жаңыланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

«Биздин азыркы абалыбызды тазалануу, жаңылануунун башатында турабыз десек болот. Себеби аймактарда эл менен сүйлөшүп отурганда, алардын жаңы жүздөрдү көргүсү келгенин, жаңы нерседен үмүт кылып жатканын көрүүгө болот. Биздин муун Кыргызстандын заманбап, санариптешкен экономикада, атаандаштыкты тиешелүү деңгээлге чыгара турган муундардан болсун. Өлкө тарыхында жаңы баракчаны ача турган муун болсун. Биздин муун эч кандай саясий басымга көз каранды болбогон сот тармагын курсун. Биздин муун укук коргоо органдары иштей ала турган, элдин көйгөйүн чече турган шарт түзсүн. Коррупциялык системаны, мамлекеттик башкарууну да терең изилдөө керек. Балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн биз принципиалдуу түрдө иштеп берели», — дейт Жолдошев.

17-августта «Бир Бол» саясий партиясы IX кезексиз съездин өткөрдү. Съездде «Бир Бол» партиясынын «Инновациялык реформалардын мезгили» деп аталган программасы презентация кылынды.

Ошондой эле партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Айжан Чыныбаева, Жоомарт Жолдошев, Зарина Чекирбаева сөз сүйлөштү.

«Бир Бол» саясий партиясы бийликке оппозиция болот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM