Биз менен байланышыңыз

Мыктыбек Абдылдаев шайлоого катышпай турганын айтты

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 1937 | 0

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты, саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаев алдыдагы парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу  ал өзү  «Бир Бол» саясий партиясынын съездинде билдирди.

Съездге мейман катары чакырылган Абдылдаев партиянын жаңы жүздөрүнө жана жаштарына кеп-кеңешин берди. Анын айтымында, жаштар максатына жетүү үчүн алгач өзүнүн ички дүйнөсүн оңдошу керек. Өздөрүн терең билим, терең маданият, терең урмат-сый менен оңдоп, мамлекетти терең урматтаганга жетишсе,  съездде айтылган каалоо-максаттардын баары ишке ашат.

«Мен Алтынбек Турдубаевичке ат жалында ойногон жаштарды чогултуңуз дегем. Оптимизм бар, эң негизгиси иллюзияга алдырбагыла. Алдырсаңар, өзүңөрдү салыштырганда уят болуп калбаш крек. Жакшы ойлор айтылды. Ошол ойлорду парламентке бараарда, ар бир добуш берээрде угуп тургула«, -деди Абдылдаев.

Депутат 2020-жылдын январь-март айларында саясаттан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

«Бир Бол» саясий партиясы бийликке оппозиция болот

Copyright © 2017 Maral FM