Биз менен байланышыңыз

«Демократ» партиясы «Бир Бол» партиясы менен бирикти

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 887 | 0

«Демократ» саясий партиясы «Бир Бол» партиясы менен биригүү чечимин кабыл алды. «Демократ» саясий партиясынын лидерлеринин бири — Эсен Момункулов. Ал буга чейин Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигин жетектеген. 

Эсен Момункулов 2008-жылы Германиянын Гейделберг университетин бүтүргөн.

2012-жылы АКШдагы Миннесота университетинде илим изилдөөчү болгон.

2011-жылы Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу жана аймактык башкаруу бөлүмүндө эксперт болгон.

2013-жылы президенттин аппаратынын бөлүмүндө иштеп, кийин кайра өкмөт аппаратынын башчысынын коомдук кеңешчиси болгон.

«Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов партия толук жаңыланып жатканын, катарына саясий айдыңда орду бар, түптөлүп калган партиялардын кошулуусу реформаны жана өзгөрүүнү күтүп жаткан жарандардын позициясын бекемдей турганын билдирди.

«Бир Бол» партиясынын саясий кеңеши жаңыланган. Анда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы бар адистер чогулганы айтылган.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.

“Бир Бол” саясий партиясынын катары жаңы жүздөр менен толукталууда. “Демократ” саясий партиясы “Бир Бол” саясий…

Опубликовано Бир Бол Пятница, 14 августа 2020 г.

«Бир Бол» партиясынын саясий кеңеши жаңыланды (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM