Биз менен байланышыңыз

«Бир Бол» партиясынын саясий кеңеши жаңыланды (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 8107 | 1

«Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын билдирди. Анын айтымында, партия демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер.

«Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз. Мекендештерибиздин талабына ылайык, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн таза көз караштагы күчтүү команда керек. Сөздөн ишке өтө турган учур келди», — дейт Алтынбек Сулайманов. 

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу үчүн 43 саясий партия катталган.

Copyright © 2017 Maral FM