Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Изник шаарында өтөт

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 1025 | 0

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.

12-август күнү Бурса провинциясынын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү боюнча Түркиянын Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясынын ортосунда уюштуруучулук маселелер боюнча протоколго кол коюлган.

Оюндар Изник көлүнүн жээгинде — шаарды алууга катышкан кыргыздардын элесине арналган мемориал жайгашкан шаарда өтөт.

2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөндөн кийин эстафета Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар быйыл өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM