Биз менен байланышыңыз

«Түркия, Европа, Кореядан өлкөгө келүүгө кызыкдар туристтер бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Авг 2020 | 474 | 0

Түркия, Европа өлкөлөрүнөн, Кореядан Кыргызстанга келүүгө кызыкдар туристтер бар, суроо-талап болуп жатат. Бул тууралуу «Travel Shop» туристтик агенттигинин директору Талант Токталиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Европа өлкөлөрү жана Кореянын жарандары үчүн чек ара ачылбагандыктан туристтер күтүп турушат. Ал эми мурда туристтер эң көп БАЭден келсе, быйыл алардан сунуш түшө элек.

Токталиев белгилгендей, пандемияга байланыштуу турлардын баасы өсүп кетти. Маселен, мурда Түркияга эң арзан тур 300-350$ болсо, азыр нарк бир жарым эсеге кымбаттады.

Эми туруктуу аба каттамдары иштей баштаса, учак билеттеринин жана турпакеттердин баасы арзандайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM