Биз менен байланышыңыз

«Семетей» госпиталы жабылды. Бардык бейтаптар сакайып чыгышты

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 576 | 0

Бишкектеги “Семетей” госпиталы жабылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

13-августта “Семетей” госпиталынан коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып чыккан.

Жалпысынан стационар 47 күн иштеген. Бул аралыкта стационарга бир жарым миң бейтап жаткырылса, анын үч жүзү реанимацияда дарыланган.

Штабдын маалыматына караганда, учурда күз-кыш мезгилине, коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү иштери улантылып жатат.

Өлкөдө вирусту жуктургандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 41 миң 69га жетти. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны — 1487 адам. Илдеттен 33 миң 318 бейтап сакайды.

«Семетей» обсервациясын кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Copyright © 2017 Maral FM