Биз менен байланышыңыз

«Семетей» обсервациясын кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 428 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова орусиялык медициналык адистер менен бирге «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

Анда «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Жетиштүү орундарды түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда.

Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынды.

Россиялык адистер кошумча түрдө жугуштуу оорулар ооруканасын түзүүнүн маанилүүлүгүн айтышты, анткени, бул башка тармактык медициналык мекемелерге башка оорулууларды штаттык режимде кабыл алууга мүмкүндүк берет.

«Семетей» обсервациясынын негизинде 1000ден ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лаборатория ачууну пландаштыруудабыз. Эгер биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», — деп билдирди Аида Исмаилова.

Copyright © 2017 Maral FM