Биз менен байланышыңыз

Ош: Күйдүргү чыккан Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 543 | 0

Ош облусунун күйдүргү чыккан Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

2-август күнү Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусуна шектелип бир оорулуу катталган. Бул оору 9 кишинин катышуусунда бодо мал союлгандан кийин аныкталган. Алар 25-июль күнү уй союп, этин Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш-Мойнок айылдарына, жалпысынан 285 адам бар үй-бүлөлөргө таратышкан.

«Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу боюнча комплекстүү алдын алуу иш-чаралары 3-августтан бери жүргүзүлүп жатат. 6-августта ал маселе райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын отурумунда каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган. Папан айыл өкмөтүнүн 4-августтагы буйругу боюнча Тогуз-Булак айылына күйдүргү оорусуна байланыштуу карантин киргизилди. Оору чыккан Тогуз-Булак айылында 2 медициналык жана 2 ветеринардык бригада иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Күйдүргү оорусунун чыгуу ыктымалы бар 8 очокто бирге болгон адамдардын дене табы күн сайын ченелип, картага жазылууда.

Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында таратылган этти алган 288 кишиге ооруну алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө. Союлган малдын ээсине жана Беш-Мойнок ветсервисинин ветеринардык дарыгерине убагында эмдөө иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн айып салынды.

Эпидемиологдордун көрсөтмөсү боюнча жарандардагы малдын бардык эти алынып, тери, колдонулган буюмдар, малдын кыктары жерге көмүлдү. 2 миң 431 баш мал-жандык күйдүргү оорусуна каршы эмделди.

Карантинге байланыштуу Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында 25-августка чейин үй жаныбарларын союуга болбойт жана той өткөрүлбөйт.

Сибирь жарасы чыккан аймактагы малдар эмделүүдө

Copyright © 2017 Maral FM