Биз менен байланышыңыз

Сибирь жарасы чыккан аймактагы малдар эмделүүдө

Оштун Кара-Суу районунда күйдүргү оорусу катталды. Саламаттык сактоо министрлиги бейтапканага жаткырылган 8 тургундун биринен оору аныкталганын кабарлады.

Күйдүргү оорусуна шектелген жергиликтүү 8 тургун Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында ооруканага жаткырылган. Алардын бирөөнөн күйдүргү диагнозу аныкталды. Азыркы учурда алардын бардыгы тиешелүү антибиотикалык профилактика алышып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Папан айыл өкмөтүндө бул оорунун жайылуусунун алдын алуу жана жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлүп, комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү. Сибирь жарасынын алдын алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, санитардык эрежелер боюнча маалыматтар берилип жатат.

Тиешелүү кызматкерлердин иликтөөсүнө ылайык, бул оорунун булагы болуп 9 кишинин катышуусундагы бодо мал сойгон учур экени аныкталды. Алар 25-июль күнү уй союп, этин Тогуз Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш Мойнок айылдарына жалпысынан 285 адам болгон үй-бүлөлөргө таратышкан.

Ош облустук бириккен ооруканасына жаткырылган 8 бейтапты дарылап жаткан дарыгер Сабира Салиева “Марал” радиосуна маалымат берип, ооруга шектүүлөрдүн абалы туруктуу экенин айтты.

  • Азыркы учурда бейтаптардын абалдары жакшы, антибиотикалык дарыларды ичип жатышат. 5 күндөн кийин анализдери дагы бир жолу алынып, акыркысын 10 күндөн кийин тапшырышат. Булар менен байланышта болгон адамдардан оорунун симптомдору пайда боло баштаса, анда коркунуч жаралышы мүмкүн. Анткени бул жугуштуу оору. Бирок азыркы учурда биздин дарыгерлер алдын алуу максатында оорулуулар менен контактта болгондорго дарыларды жазып берип жатат. Оорунун симптомдору бир жумада байкалышы мүмкүн, ал эми колунда же башка жеринде жарасы бар адамдардан бир-эки күндө эле байкалып калат, — дейт дарыгер.

Салиева ишендиргендей, бейтаптар жакынкы күндөрү сакайып чыгат. Бул оору мындан төрт жыл мурун да облустук бириккен ооруканада катталып, ооруган адам сакайып чыккан.

Кыргызстанда үй жандыктарына сибирь жарасынын алдын алуу максатында жыл сайын эки жолу ийне сайылат. Папан айыл өкмөтүндөгү күйдүргү чыккан малдын ээси ийне сайдырбаганы аныкталды.

Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын адиси Чыңгыз Романовдун маалыматына караганда, өлкөдө сибирь жарасы аныкталып, көмүлгөн жаныбарлардын саны 1200дөн ашат. Бирок анын жарымы көзөмөлдөн чыгып, орду табылбай калган. Көмүлгөн жерлердин басымдуу бөлүгүн өлкөнүн түштүк тарабы түзөт.

  • Биздин аймактагы кызматкерлер сибирь жарасы менен көмүлгөн жерлерде жаз жана күз айларында залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп турушат. Негизи мындай ооруга чалдыккан малдын көмүлгөн жери ошол айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилет. Андан кийин ал жер ветеринардык инспекциянын атайын картасына түшүрүлөт. Бирок жоголуп кеткен очоктордун себеби, ал жерлерди сел алып кетет, же дыйканчылык, курулуш багытында иштетүү үчүн элдер оорунун очогунун белгилерин алып салышат, — дейт Чыңгыз Романов.

Инспекциянын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына күйдүргү ылаңы менен ооруган жандыктардын 2-3 учуру катталат.  Мындай учурда тиешелүү эмдөөлөр жүргүзүлөт.

  • Биздин аймактагы кызматкерлер Папандагы күйдүргү болгон бодо малдын таратылып берилген этин чогултуп, ветеринардык талаптарга ылайык залалсыздандыргандан кийин көмүп, сыртын бетондошту. Азыркы учурда ошол мал жүргөн радиустагы жаныбарлардын баарын тез арада эмдөө аракети жүрүп жатат, — деп кошумчалады Романов.

Бүгүнкү күндө лабораториялык изилдөө үчүн бейтаптардан анализдер алынып, Чумага каршы бөлүмүнө жеткирилди. Ошондой эле, ветеринарлар менен биргеликте мал союлган жерден лабораториялык текшерүү үчүн топурактын үлгүсү алынды. Изилдөөнүн жыйнтыгында алынган топурактын үлгүсү таза чыкты.

Кыргызстанда сибирь жарасын жуктуруп алгандар ар жылы түрдүү санда кездешет. Алардын көбү айыгып чыкса, кээ бири оорудан улам көз жумат.

Күйдүргү адамдын терисин, ичеги-карындарын жана өпкөсүн жабыркатуучу жугуштуу оору. Бул илдет мал-жандыктан адамга аба аркылуу, мал жандыкты кармап, аны менен байланышта болгондо, жүнүн кыркканда жана терисин шылып, сойгондо жугат. Адистердин айтуусу боюнча, сибирь жарасы бир кылымга чейин топуракта да жашай берет.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров

Copyright © 2017 Maral FM