Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Экспортёрлорго өкмөттүн колдоосу чоң

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 478 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапары алкагында Ысык-Ата районундагы фермердик чарбанын иши менен таанышты.

20 гектар жери бар чарбада 12 киши иштейт. Анда асыл тукум жылкы, ири мүйүздүү мал, кой багылат. Жалпысынан миңден ашык ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар бар.

Кубатбек Боронов агроөнөр жай комплексинде өндүрүштү көбөйтүү маанилүү экендигин белгиледи.

«Чүй облусу дыйканчылык кылуу жана мал багуу боюнча эң жакшы өнүккөн аймак болуп саналат. Айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кластерлерин өнүктүрүү жана адистештирүү региондордун өнүгүшүнө реалдуу дем бериши керек», — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле ал Ивановка айылындагы фермердик чарбага барды. Анда 25 гектар суулуу жерге пияз отургузулган.

Дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ар бир гектар жерден 100 тоннадан пияз алышат.

Өкмөт башчы продукциясын экспортко чыгарган фермерлер ар тараптуу колдоого алынарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM