Биз менен байланышыңыз

Экономика төмөндөп, баалар өстү. Статистика

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 570 | 0

2020-жылдын январь-июль айында ички дүң өндүрүмдүүлүк 282 миллиард сомдү түзүп, 2019-жылдын январь-июлуна караганда 6,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлайт.

«Кумтөр» алтын кенин эске албаганда ИДПнын көлөмү быйыл алты айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7 пайызга азайды.

Улуттук дүң өндүрүмдүүлүк
(былтыркы жылга карата пайыз менен берилди )

Быйыл алты ай ичинде өнөр-жай продукциясы 180 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына караганда 0,9 пайызга азайды.

Негизинен күйүүчү май өндүрүү 59 пайызга, кездеме жана кийим-кече, бут кийим, булгаары жана андан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн көлөмү 20 пайызга азайды.

Жыгач жана кагаз өндүрүү, полиграфия ишмердиги 18,5 пайызга, резина жана пластмасса буюмдарын жана темир эмес буюмдарды өндүрүү 16,5 пайызга, тамак-аш өндүрүү (ичимдикти эске алганда) жана тамеки кездемелери 5,3 пайызга, ошондой эле баалуу металлдарды казуунун көлөмүнүн өндүрүмү 4,2 пайызга азайган.

Өнөр-жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагы 8,9 пайызга азайды,  дүң жана чекене соода тармагы 17,6 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалып, өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-июль айларында жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,5 пайызга өстү, бул  тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын 4,9 пайыз, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары 5,5 пайызга өсүшү менен шартталды.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу июнь айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,8 пайызга төмөндөгөн.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды, ал 5,4 пайызды түздү. Башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалар 11,9 пайызга көбүрөөк жогорулаган.

Тышкы сооданын көлөмү азайды

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-июнь айларында 2 млрд 577 млн 400 миң доллар болуп, 2019-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 22,4 пайызга төмөндөдү.

Ошол эле учурда экспорт 2,4 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 32,2 пайызга кыскарды.

Быйыл алты айда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соодасынын көлөмү  1 млр 54 млн 800 миң долларды түзүп, 2019-жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 17,3 пайызга азайган.

ЕАЭБ менен экспорттук жөнөтүүлөр 25 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр 15 пайызга төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM