Биз менен байланышыңыз

БШК: Партиялардын баннер илип, штаб түзүүсү үгүттөөгө жатпайт

Кыска кабар , Саясат | 11 Авг 2020 | 979 | 0

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда айрым партиялардын баннерлери көчөлөргө илинип, штабдарынын ачыла башташы коомчулуктун талкуусуна түштү. Социалдык тармактардын колдонуучулары муну шайлоо алдындагы үгүт катары баалап жатышат. 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага бир ай калганда үгүт иштери башталышы керек. Бирок азыртан эле айрым партиялар өздөрүн кыйыр түрдө жарнамалай башташты. Бул социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр АбдыракматоваМарал” радиосуна билдиргендей, партиялардын мындай кадамдарында мыйзам бузуу жок. Анткени штаб түзүү жана ал кайсы партиянын штабы экенин билдирип турган баннерлерди илип коюу үгүткө жатпайт жана мыйзамга каршы келбейт. Эгерде ошол баннерлерде партияны үгүттөөнүн белгилери бар болсо, анда ал партия мыйзам чегинде жоопко тартылат.

  • Илинген баннерлерде “добуш бер”, “буга каршы добуш бер” же “биз мамлекетти өнүктүрөбүз” деген маанидеги сөздөр бар болсо жана бюллетендеги номурун тандоого чакырган белги болсо, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Азыр бизде партиялык идеология деген жок болгондуктан, партиялар шайлоо алдында гана козу карындай көрүнө калып, штабдарды түзө баштаса, эл аны үгүттөө катары баалап жатат. Ал эми бир идеология, принципке бекем партиялардын туруктуу штабы, кызматкерлери болот, баннерлери көчөлөрдө илинип тура берет. Бул айрыкча партиялык системада жашаган мамлекеттерде байкалат, — дейт БШК мүчөсү.

Абдыракматова мындан сырткары, партияларды тааныштырууда, партияга мүчө кабыл алууда штабга келген жаранга партиянын багытын, келечегин, принцибин таанытуу керек болорун айтат.

  • Эсиңерде болсо, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлер 30 миң жарандан кол топтоосу керек болгондо кандай гана иштерди кылышпады, коомдук кабылдама ачып, талапкерди тааныштырып, анан кол тамга алышат да. Ал — мыйзамдуу. Ошол сыяктуу эле азыр да партиялар ар кандай жолдор менен өзүн коомго тааныштыра баштады. Кээ бирлери партиясынын атын кошуп кайрымдуулук фондун ачып алышты. Эми өзүн таанытуунун ар кандай жолдорун мыйзам чегинде колдонуп жатышат. Мыйзам бузуу болсо БШК ыкчам чара көрөт, — деди Абдыракматова.

Өлкөнүн кээ бир аймактарында үгүттөөнүн башка түрлөрү да жүрүп жатканы коомчулукта сынга алынып жатат. Социалдык тармактардын колдонуучулары «домкомдор» паспортун сурап, кээ бирлери атайын акча сунуштап жатышканын жазышууда.

Фейсбуктагы “Беспредел KG” баракчасында жарыяланган билдирүүлөрдө Жалал-Абад шаарында парламенттик шайлоого талапкер болгон жаран элди акысыз мончого түшүрүп жатканын айтылган. Ал эми “Тажадым” баракчасына көптөгөн анонимдүү билдирүүлөр келип, алардын көпчүлүгү ар кайсы партиядан акча сунуштап жатышканын айтышат.

Деген менен Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын мындай аракеттерин токтотууга каршы эч кандай чара көрө албайт. Бул пикирди саясат талдоочу Ишенбай КадырбековМарал” радиосуна билдирди. Анын маалыматында, БШК мыйзам бузган партияларга эскертүү гана берип, эгер эске албаса каттоодон өткөрбөй кое алат.

  • Азыркы учурда БШК колунан келгенин жасап, үгүттөөнүн белгилерин байкаганда партияларга эскертүү берип жатат. Мындай кырдаалда шайлоону өткөрүүнүн өзү кыйынга турат. Ошондуктан кээ бир жерлерде акча сунушталып жатканы жөнүндө факт болсо, БШК эскертүү берүү менен бирге ошол жердин жергиликтүү ички иштер башкармалыгына арыздана алат. Эгер ал партия каттоодон өтүп калган болсо, анда Боршайком эч нерсе кыла албай калышы мүмкүн. Партиялар каттала электе үгүт иштерин уланта берсе, анда БШК бир чечимге келип, аларды каттоодон өткөрбөй коюуга укуктуу, -деп билдирди Ишенбай Кадырбеков.

БШК буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмесин жарыялаган. Бардыгы 44 партия ат салышуу ниетин билдирсе, алардын айрымдары бириге башташты. Саясий уюмдар 20-августка чейин съездин өткөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси менен документтерин берүүсү зарыл.

Боршайком партиялардын тизмесин 4-сентябрга чейин текшерип чыгат жана ошол күнү үгүт иштери башталат. Ага чейинки үгүттөөлөр мыйзам бузуу катары бааланат. Агитациялык иштер 3-октябрь күнү токтотулуп, 4-октябрда шайлоо өтөт.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров

Copyright © 2017 Maral FM