Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда болжол менен 4,2 млн адамга коронавирус жугат (видео)

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 1110 | 0

Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, өлкөдө тогуз жашка чейинки балдардын ооруганы дээрлик аз болду. Ошондуктан аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгышы мүмкүн деп 4,2 млн адамды киргизишти. Ал боюнча божомолдор түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде айтты.

Өкмөт башчынын маалыматында, элдин үчтөн эки бөлүгү ооруга чалдыккан эмес же оорусу симптомсуз өтүүдө. Ал эми 1,4 млн адамдын ичинен үчтөн бир бөлүгүнүн, же 466 миң адамда оору жеңил формада өтүп жатат.

Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин илимий тобу жер-жерлерде канча адамга коронавирус жукканын аныктоо боюнча илимий иштерди жүргүзүп жатат. Анда элдин жалпы санынан канча пайыздык көрсөткүчү ооруга чалдыкты же ооруп өтүшү мүмкүн деген жагдайлар иликтенүүдө. Жакынкы убакта так маалыматтар жарыяланат.

КР Премьер-министри Кубатбек Боронов

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Понедельник, 10 августа 2020 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM