Биз менен байланышыңыз

«Семетей» стационары экинчи толкунга карата даярдалат

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 504 | 0

Акыркы бейтаптар чыккандан кийин «Семетей» стационары ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады.

«Семетей» госпиталында 1 миң 300дөн ашык орун бар. Анын элүүсү реанимация катары иштеп жатат. Учурда ал жакта жыйырмадан ашык бейтап калды. Жакында алар айыгып чыкса, «Семетей» стационары консервацияга алынат.

Экинчи толкунга даярдыктар көрүлүп, медициналык жабдыктарды күчтөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстанга келген орусиялык медициналык адистер менен бирге «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.

Анда реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталган. Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен госпиталдын базасында кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынган.

«Семетей» обсервациясынын негизинде миңден ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лаборатория ачууну пландаштыруудабыз. Эгер биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», — деп айткан Аида Исмаилова.

Copyright © 2017 Maral FM