Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин талабы орундалды

Коом , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 2211 | 0

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктары кеңейтилген мыйзам күчүнө кирди. 

Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында туруп, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин укуктук абалына, Кыргызстанда жүрүүсүнө, билим алуусуна, медициналык кызматтарды колдонуусуна жана эмгек укуктарына өзгөчө шарттар түзүлгөн мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул мыйзам долбоорун депутаттар Махабат Мавлянова, Төрөбай Зулпукаров башында турган топ демилгелеп, 11-июнда Жогорку Кеңеште үчүнчү окуусдан өтүп, президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Мыйзамга ылайык, башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге “чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш” деген өзгөчө статус ыйгарылат.

Бул статус:

  • Мурда Кыргызстандын жарандыгында туруп, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктарга;
  • Мурда Кыргызстандын жарандыгында туруп, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин балдарына же неберелерине (алардын мурда Кыргызстандын жарандыгына тургандыгына карабастан);
  • Алгач Кыргызстандын жарандыгына турганына карабастан, Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;
  • Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөнүн жарандарына, ошондой эле анын балдары жана неберелери болуп саналган башка мамлекеттин жарандарына ыйгарылат.

Ал эми бул макам Кыргызстанга чектеш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын жарандыгын алган мекендештерге ыйгарылбайт. Ошондой эле мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө, коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн болгон жарандарга ыйгарылбайт. Бул статусту берүүнү өкмөт ишке ашырат.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири Махабат Мавлянова бул маселенин көтөрүлүүсүнө Орусиядагы мекендештердин басымдуу бөлүгүн мисал келтирди. Ал “Марал” радиосуна берген маегинде документтеги каралган шарттар тууралуу түшүндүрдү.

  • Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аябай маанилүү болчу. Себеби биздин көпчүлүк мекендештерибиз чет өлкөгө жумуш издеп барып, ал жактын жарандыгын алып жатышат. Ошол эле учурда, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, үй-бүлөсүнө, жакындарына акча каражаттарын мигрант мекендештердей эле бул жакка которуп турушат. Ошондуктан алардын укуктарын кеңейттик. Мисалы, Орусиянын жарандыгын алган мекендештерибиз мурда 30 күнгө чейин каттоодон өтүшү керек болсо, азыр ал алынды, каалаганча эркин жүрө алат. Андан сырткары, үлүш жери барлар мурда бир жылга чейин жерин башка бирөөгө өткөрүп берүүсү керек болсо, азыр 10 жылга чейин өткөрүп берүүсү керек, — дейт эл өкүлү Махабат Мавлянова.

Ал эми коңшу мамлекеттерден жарандык алган кыргызстандыктарга андай укуктардын берилбешин коопсуздук маселеси менен байланыштырды.

Депутаттын пикиринде, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында туруп, азыркы учурда коңшу мамлекеттердин жараны болуп жүргөн башка улуттагы мекендештер көпчүлүктү түзөт.

Андан сырткары жогорудагы аталган статуска ээ болгон мекендештер Кыргызстанга визасыз кирип, эркин жүрө алат. Жумушка орношуу үчүн эч кандай уруксат кагаздары талап кылынбайт жана билим алуу, медициналык кызмат алууда кыргызстандыктар менен бирдей укукка ээ болот. Ал үчүн атайын “чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” статусун далилдөөчү “Мекен-карт” мамлекеттик документ берилип, анын жарамдуулугу 10 жылга созулат.

Бул мыйзам долбоорунун оң-терс жактары, анын зарылдыгы боюнча Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, миграция маселелери боюнча эксперт, тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев “Марал” радиосуна маек курду.

  • Бул мыйзам долбоорунун бир гана жакшы тараптарын көрүшүбүз керек. Анткени буга суроо-талап көп болчу. Ошондуктан атайын чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин талабы орундалды. Мурун алардын укуктары башка бир чет өлкөлүктөр менен бирдей болгон болсо, бүгүн алардын укуктук абалы Кыргызстандын жаранынын укугу менен дээрлик бирдей болуп жатат. Болгону ишкерлик кылганда, өндүрүш иштеткенде айырмачылыктар бар, анан жер сатып ала албайт.
  • Мыйзамдын эч кандай терс тарабы жок, себеби алар биздин өлкөдө өсүп, менталитетибизди билген, каада-салтыбыздан кабары бар жарандар. Ошол үчүн алардан кооптонуу туура эмес, алар деле коомубуздун мүчөлөрү болгон да. Андан сырткары өлкөбүзгө канчалаган инвестицияларды кылып жатышат. Мисалы, бала бакча куруп, мектептерди оңдоп-түзөөдө инвестиция салышат. Айылына мектеп куруп бергендер да жок эмес. Андыктан биз аларга көмөк көрсөтүшүбүз керек, — деп билдирет Асанбаев.

Тышкы иштер министрлиги бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизерде Индия, Түркия сыяктуу чоң мамлекеттердин тажрыйбаларын анализдеп, депутаттарга сунушун бергенин Алмаз Асанбаев кошумчалады.

Асанбаевдин айткан маалыматына ылайык, учурда чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин саны Кыргызстандын жарандыгынан баш тартпаган кош жарандуу кыргызстандыктар менен бирге эсептегенде, болжол менен 650 миңден ашуун.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктарын кеңейткен мыйзам бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM