Биз менен байланышыңыз

Президент жана өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 456 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов 10-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн онлайн жыйында акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны төмөндөгөнү байкалып жатканын айтты.

Ал бардык жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине тапшырма коюлуп, инфекцияны жуктурууну азайтуу жаатында чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге эле коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдыктарды көрүү, жер-жерлердеги ооруканаларды зарыл медициналык дары-дармектер жана шаймандар менен камсыз кылуу иштери активдүү жүрүп жатканы айтылды.

Боронов медициналык адистердин жетишсиз болуп жатканын, бул абал кайталанбашы үчүн кошумча медициналык адистерди тартуу жолдору каралып жатканын кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаал күтүлбөгөндөй өнүгүп кетиши мүмкүн экенин айтып, өткөн айларда байкалган дары-дармектердин жетишсиздиги сабак болушу керектигин эскертти. Ошондой эле, негизги азык-түлүктөргө болгон бааны көзөмөлдөөнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM