Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болду. 10-августта саясий топтун жаңы мүчөлөрүнө партиялык билеттер тапшырылды. Мындай маалыматты партия Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Мамытовго партиялык билетти «Кыргызстандын» төрагасы Канатбек Исаев тапшырды.
Талант Мамытов 2015-жылы «Республика Ата Журт» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Ал парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү болгон.
2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.
2010-жылы «Ата-Журт» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.