Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясына кошулду

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 1182 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болду. 10-августта саясий  топтун жаңы мүчөлөрүнө партиялык билеттер тапшырылды. Мындай маалыматты партия Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Мамытовго партиялык билетти «Кыргызстандын» төрагасы Канатбек Исаев тапшырды.

Талант Мамытов 2015-жылы «Республика Ата Журт» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Ал парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү болгон.

2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.

2010-жылы «Ата-Журт» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM