Биз менен байланышыңыз

Штаб: Айрым өлкөлөр менен аба каттамдарын жандандыруунун графиги иштелип чыкты

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 555 | 0

Транспорт жана жолдор министрлиги, Тышкы иштер министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Россия, Түркия, Казакстан, БАЭ жана башка мамлекеттер менен туруктуу каттамдарды кайра жандандыруу маселесин иштеп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Жарандык авиация агенттиги Россия, Түркия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары менен эл аралык каттамдарды жандандыруунун убактылуу графигин иштеп чыкты.

Бүгүнкү күндө биринчи этапта жумасына туруктуу 2 жолу уча турган каттамдарды ачууга макул болгон Түркия авиация бийликтеринен оң жооп алынды. Калган мамлекеттер менен чартердик каттамдарды август айынын аягына чейин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Учурдагы аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси тийиштүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте авиация департаменттеринин деңгээлинде иштелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM