Биз менен байланышыңыз

Дистанттык окуу: Телесабактар тартылып жатат

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 1256 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантып жатат. Видеосабактарды тартууда IV чейректе кетирилген айрым кемчиликтер эске алынып, сабактын сапатына көңул бурулууда.

Ар бир предмет боюнча бирден усулчу дайындалып, сабак тартылганга чейин даярдалган сабактын иштелмелери текшерилип, тартылып жаткан учурда да бекитилген усулчу тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Телесабактарды өтүү үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар окуучулары бир нече кароо-сынактарда, республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан өткөрүлгөн.

Тартылган видеолор атайын серверге, билим берүү министрлигинин oku.edu.gov.kg/ порталына жайгаштырылып, 1-сентябрдан тарта жадыбалдын негизинде телеканалардан эфирге берилет.

Телесабактар бир жылга пландаштырылып, жалпы көлөмү 7276 саатты (видео сабакты) түзөт. Ал пандемия бүтүп, салттуу режимди окуу процесси уюштурулган учурда да кошумча билим берүү ресурсу катары пайдаланылат.

Телеге тартуу иштери Бишкек жана Ош шаарларында жүрүп, КТРдин “Баластан” студиясында, ЭлТР, “Ынтымак” телеканалдарынын, Мегакомдун, Кувейт университетинин, Манас-Түрк университетинин, КМТУнун, АУЦАнын студияларында ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Азия өнүктүрүү банкы, Массалык маалыматтарды колдоо борбору, Сорос фондунун жардамында тартылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM