Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча жолугушуу өтүп жатат

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 480 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу болгонуна байланыштуу эки тараптуу жолугушуу өтүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана чек ара кызматынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик органдары чырдын себебин тактап жатышат.

Ошондой эле тажик тараптын чек арачысы оор жаракат алганы жөнүндө маалыматтар да такталууда.

Эки тараптуу тактоо иштеринин жыйынтыгында толук маалымат берилери айтылды.

Кыргыз тарап учурда Баткен районунун Чыр-Дөбө айылындагы жагдайды да өз алдынча териштире баштады. Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Бүгүн, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, курал колдонулганын  Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлаган.

Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган. Алдын ала маалыматка караганда, ок мергенчилик куралдан атылган.

Жыйынтыгында чек арачылардын бири колунан жаракат алды. Ага тийиштүү жардам көрсөтүлдү, учурда абалы туруктуу экени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM