Биз менен байланышыңыз

Медкызматкерлерге кенемте төлөө үчүн кошумча акча бөлүндү

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 366 | 0

Саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймактарда иштөөгө тартылган жактарга республикалык бюджеттен июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө кошумча түрдө 430 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 млн сом суммасында каражат бөлүү тапшырылды.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпы 2911 медик жуктуруп алган, анын 1973ү сакайды.

Акыркы суткадагы маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 38 миң 659ду түзөт. Анын ичинен 30 миң 99 киши айыгып, 1447 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM