Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дарылоо протоколуна эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 233 | 0

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү версиясы даярдалып жатат. Ага бир да эксперименталдык дары киргизилген жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчиси, инфекционист Айнура Кутманова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо клиникалык протоколдор боюнча жүргүзүлөт. Протоколдун төртүнчү вариантын эксперттер түзүп, Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Ал Москва жана Уфадан келген дарыгерлер менен бирге талкууланды.

«Биздин эксперттер жаңы маалыматтарды топтоп, аларды анализ кылып өлкөгө ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатабыз. Клиникалык протоколдун төртүнчү версиясы боюнча Москвадан жана Уфадан келген дарыгерлер менен да талкуулоо өткөрдүк. Протоколдун төртүнчү версиясына эксперименталдык бир да дары киргизилген жок. Анткени бүгүнкү күнгө чейин вируска каршы дарылар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн жок. Оорунун белгилерине каршы дары-дармектер киргизилип, дарылоо жана реанимация, кош бойлуу аялдарды дарылоо, реабилитация бөлүмдөрү толукталып, жаңыртылып жатат«, — деди Кутманова.

Коронавирус жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча протокол буга чейин үч жолу өзгөртүлгөн. Учурда үчүнчү варианты менен дарылап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM