Биз менен байланышыңыз

Кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаран кармалды

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 851 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы Кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

4-август күнү интернетте Кызыл китепке киргизилген ак кунастарды атып, сүрөткө түшкөн белгисиз эки жаран тууралуу маалымат тараган.

Сузак РИИБнин кызматкерлери тарабынан издөө иштеринин натыйжасында ак кунасты аткан жаран аныкталган.

23 жаштагы Э.Э. аттуу бала 30-июль күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында сайсыз ок атуучу курал менен жээкте учуп бара жаткан 3 ак кунасты (белый аист) атып, сүрөткө түшкөн.

Кийин бир тууган иниси 20 жаштагы Э.Ж. келип атылган ак кунастарды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM