Биз менен байланышыңыз

Июлда 7 млрд сомго жакын салык жана төлөмдөр топтолду

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 436 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын июль айында 6 млрд 860 млн сом суммасында салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, белгиленген план 616 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Быйыл июлда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүшү 548,9 млн сомго көбөйдү.

Ошондой эле быйылкы жылдын 7 айында 40 млрд 452,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM