Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата 5 миңдей орун даярдалат

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 277 | 0

Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 илдетин дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясатын жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.

Учурда орусиялык дарыгерлердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен “Семетей” обсервациясын толук кандуу жугуштуу оорулар бейтапканасына айлантуу аракети көрүлүп жатат.

«Семетей» обсервациясын лабораториялык жана сорттоочу пункттары менен бирге инфекциялык жай катары түзүүнү пландаштырып жатабыз. Анткени ал жерге жалпысынан 550 бейтапка чейин жаткырса болот. Мындан сырткары, кир жана таза зона бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан. Муктаж болгон учурда консервацияланган күндүзгү стационарларды кайра ачуу мүмкүн», — дейт ал.

Ал эми күндүзгү стационарлардын иши толугу менен токтотулбайт. Керектүү учурда кайра бейтаптарды кабыл алууга даяр турат.

Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус жуктургандардын саны 37 миң 541ге жетти. Илдеттен жалпы 28 миң 743 жаран айыгып, 1427 киши көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM