Биз менен байланышыңыз

Президент Чолпон-Атадагы дарыгерлердин көйгөйүн укту

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 568 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына барып, жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү оңдоо иштери менен таанышты.

Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тарта жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 койко-орундуу бир канаты гана иштейт. Капиталдык оңдоп-түзөө менен 100 орунга чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Президент медицина кызматкерлери менен баарлашып, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Медицина кызматкерлери кадрлардын жетишсиздиги, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин айтышты.

Жээнбеков көмүскө экономикадагы каражатты мыйзамдаштыруудан түшкөн акча биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталарын билдирди.

“Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин көңүл борборумда, биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан дагы колдоо ала тургандай баарын жасайбыз”, — дейт президент.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Балбак Түлөбаев облуста коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-4-август күндөрү Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM