Биз менен байланышыңыз

I турда колледждерге 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 215 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун https://spuz.edu.gov.kg/ онлайн порталына 22 070 өтүнмө катталды.

3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады. 3-6-августта – абитуриенттер колледждерге кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусунун алдын алуу максатында, 3-августтан тартып колледж администрациясы өздөрү абитуриенттерге чалып, билим алуу ниетин тастыктап чыгышат.

Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек.

Колледжге кантип онлайн тапшыруу керек? Абитуриенттин кадамдары

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM