Биз менен байланышыңыз

Ысык-Кɵл айланма жолун жаңылоого 35 млн доллар насыя алынат

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 464 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма унаа жолун реконструкциялоого насыя бөлүү боюнча макулдашууну ратификациялады. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 35 млн доллар суммасында насыя берет. Ал 5 жылдык жеңилдетүү мезгили менен 25 жылга, жылына 1 пайыздык өлчөм менен берилет.

Бул акча Балыкчы − Каракол − Балыкчы автожолунун узундугу 80,5 чакырымды түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконструкциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат.

Жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги 4 тилкелүү унаа жолуна айланат. Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.

Долбоордун 93 млн доллар суммасындагы калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:

-Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду — 28, 90 млн;

-Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22 млн;

-Ислам өнүктүрүү банкы — 20 млн;

-ОПЕК Эл аралык өнүктүүрүү фонду — 10 млн доллар.

Мындан тышкары кыргыз өкмөтү 12,1 млн доллар өлчөмүндө акча бөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM