Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 7 бейтап каза болуп, 412 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 554 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен дарыланып жаткан 7 бейтап каза болду. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, Бишкек шаарында — 3, Ош ш – 1, Чүй облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 1,  Талас облусунда 1 бейтап көз жумду.

Пандемия башталгандан бери коронавирус илдетинен 1427 киши каза тапты.

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 412 учуру катталды. Аларды аймактар боюнча бөлүп караганда:

-Бишкек шаары боюнча — 114;
Ош – 43;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу — 39;
Талас облусу – 17;
Нарын облусу – 21;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 70;
-Баткен облусу — 30 учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 37 миң 541ге жетти.

Коронавирус илдетинен акыркы бир сутка ичинде 816 бейтап айыкты. Вирусту жеңгендердин жалпы саны — 28 миң 743.

Copyright © 2017 Maral FM