Биз менен байланышыңыз

Боронов: Аткезчилик бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 481 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулады. Ал салык жана бажы кызматтарына жыйымдарды чогултууну жакшыртууну тапшырды.

«Былтыркы жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча буга чейин кабыл алынган пландан артта калып жатабыз. Ошол эле учурда июль айынан бери бюджетти аткаруу көрсөткүчүнүн жакшырып жатканын белгилей кетүү керек. Учурдагы жоготууларды жабуу жана кийинки жылдын бюджетин түзүү үчүн иштерди активдештирүү зарыл», — деди премьер-министр.

Бороновдун айтымында, республикалык бюджетти толтурууда негизги милдет салык жана бажы кызматтарына жүктөлгөн. Өкмөт коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен катар эле, таризделбеген товарларды жана аткезчилик менен ташылган күйүүчү-майлоочу майды ташуунун алдын алуусу керек.

«Алар дагы эле чоң көлөмдө ташылууда. Бул өз кезегинде бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле фискалдаштыруу системаларын жүзөгө ашырууну тездетүү шарт. Көпчүлүккө инфекциянын массалык түрдө жугуу коркунучун жаратпай турган экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу керек», -деди өкмөт башчы.

Муну менен катар Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу тапшырылды. Себеби Кыргызстанга келе турчу жүктөрдүн 65 пайызы ошол жактан өтөт. Боронов товарларды импорттоо/экспорттоонун алгоритмин бекитүү боюнча кытай тарап менен иштерди тездетүү керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM