Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кабыл алуунун II турунда 15 миңден ашуун талон түштү

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 447 | 0

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II турунда «Абитуриент Онлайн» (https://2020.edu.gov.kg/) системасына 15 131 талон келип түштү. Анын 5730у бюджеттик орундарга, 9401 талон келишимдик негизде билим алууга салынды.

II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 1130у бюджеттик негизде, 5130у келишимдик негизде билим алышат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун  III туру 3-5-август күндөрү өтөт. Абитуриенттер 5-август, саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү бериши керек.

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM