Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: «Ала-Арча» көрүстөнүндө чыккан өрт өчүрүлдү

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 411 | 0

Бүгүн, 3-августта Бишкектин Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө куураган чөптөн өрт чыкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда өрт толук өчүрүлдү.

Министрликке Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде мүрзөдө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө түшкү саат 12:35те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 13:17де толук өчүрүлдү.

ӨКМ быйыл 7 ай ичинде өрттүн саны 39,7 пайызга азайганын кабарлады. 2020-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 1236 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 39,7 % азайган.

Өрттүн кесепетинен 10 адам каза таап (2019-жылы 31 адам), жана 16 адам жабыркаган (2019-жылы 41). Өрттөн 24 адам куткарылган. 763 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,7 пайызын түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM