Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Орусиядан келген дарыгерлер менен жолугушту

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 302 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусиядан келген делегациянын өкүлдөрү менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын талкуулады.

Жыйында Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус инфекциясын аныктоо, дарылоо боюнча Орусиянын тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.

Алар «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү, кошумча топторду түзүү, эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын катуу көзөмөлдөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аймактарда компьютердик томография жабдууларынын санын көбөйтүү, медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды коопсуз пайдалануу боюнча семинарларды өткөрүү сунуштарын беришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги орусиялык дарыгерлер менен биргеликте коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү версиясын иштеп чыгууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM